Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 357-б
Талас облусунун Талас районундагы "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоо жана "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолун реабилитациялоо, II фаза, 52-73-км долбоорун өз убагында бүтүрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2011-жылга каралган каражаттардан Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине 2000000 (эки миллион) сомду "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолун реабилитациялоо, II фаза, 52-73-км долбоорун кошо каржылоо жана Талас облусунун Талас районунда "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолунун 52+275-км жайгашкан "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу үчүн белгиленген тартипте бөлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
- "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыксын;
- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга жана "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоого байланыштуу товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатып алсын;
- "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоону республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация боюнча мамлекеттик комитетине каралган бюджеттик ассигнованиенин чегинде, долбоордук-сметалык документтерге ылайык ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоо аяктаганга чейин "Тараз-Талас-Суусамыр" автожолунун 52+260 - 52+570 км. участогун реабилитациялоо долбоорунан чыгарсын;
- "Султан" каналынын түтүктөрүн реконструкциялоо аяктагандан кийин аталган участокту 2012-жылдын бюджетинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралчу ассигнованиенин чегинде республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен реабилитацияласын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |