Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-августу № 361-б
Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун Бишкек шаарындагы ТЭЦинин 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүшү үчүн отун менен өз учурунда камсыздоо максатында:
1. "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 2011/2012-жылдын жылытуу мезгилинде бир булактан сатып алуу ыкмасын колдонуу менен Казакстан Республикасынын Кулан кенинен ГМБ (газ майлуу байытылган) маркасындагы таш көмүрдү керектүү көлөмдө сатып алуу сунушталсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергегика комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | А.Атамбаев |