Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 20-февралы № 54-б

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 324-б буйругунун редакциясына ылайык)

ФАТФтын (Акчаларды адалдоого каршы күрөшүүнүн финансылык чараларын иштеп чыгуу тобу (Тhе Financial Action Task Forse (FATF) 2011-жылдын 28-октябрындагы Пленардык жыйынында бекитилген Иш-аракеттер планында каралган иш-чараларды (мындан ары - Иш-аракеттер планы) аткаруу максатында:

1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

 

Кененбаев Ч.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын уюштуруу-укук бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

 

Калиев Б.Б.

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын бөлүм начальниги;

 

Кадыркулов Т.А.

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин терроризмдин алдын алуу жана антитеррористтик түзүмдөр менен өз ара аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги;

 

Турсункулов К.Э.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин эксперти;

 

Исаков Э.Б.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин атташеси;

 

Кожошева Н.М.

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын башкы адиси;

 

Жапаров Т.Т.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антитеррористтик борборунун директорунун орун басары;

 

Ким Б.Л.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (финансылык полиция) юридика бөлүмүнүн начальниги;

 

Сегизбаев А.Р.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын оперативдүү талдоо башкармалыгынын улук оперкызматкери;

 

Ташбаев А.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын баалуу кагаздар рыногун көзөмөлдөө бөлүмүнүн начальниги;

 

Чокоев 3.Л.

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

 

Шавралиева Г.О.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);

 

Ыбыкеев Т.М.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзамдуулук, укуктук тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча);

 

Бедаш В.В.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

 

Кудабаев Т.З.

- Кыргыз Республикасынын, Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөмдөрү секторунун эксперти».

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов