Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 122-б
Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы ичүүчү суу менен камсыздоочу объектилерге оңдоо - калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө андан аркы чечим кабыл алуу үчүн ичүүчү суунун радиациялык коопсуздугун аныктоо максатында:
1. Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасындагы ичүүчү сууга радиологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондусунан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 500000 (беш жүз миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Миң-Куш шаарчасынын поселкалык башкармалыгы бардык ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынан сынамык алууну камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги радиологиялык изилдөө жүргүзүүнү камсыздасын, аткарылган иштин жыйынтыгы тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө 2012-жылдын 30-майына чейин маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |