Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 14-майы № 187-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүү, жылдыруу жана өнүктүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын план-графиги (мындан ары - Иш-чаралардын план-графиги) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Иш-чаралардын план-графигин толук өлчөмдө жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине "IST Consulting" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана "Азиянын жүрөгү" туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу үчүн контракты түзүүгө ыйгарым укук берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Иш-чаралардын план-графигинин аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

Кыргыз Республикасында туристтик кластерди

түзүү долбоорун иштеп чыгуу жана ишке

ашыруу боюнча иш-чаралардын

ПЛАН-ГРАФИГИ

┌───┬──────────────────────────┬──────────────────────┬───────────────┐

│ № │          Мазмуну         │Кыргыз Республикасынын│    Жооптуу    │