Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 14-майы № 193-б
Кыргыз Республикасына Россия Федерациясынан нефти жана нефтепродуктуларды жеткирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору боюнча позицияны иштеп чыгуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн отун-энергетикалык комплекси секторунун эксперти.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте министрликтердин жана ведомстволордун, нефти жана нефтепродуктуларды жеткирүү жаатындагы башка мамлекеттик органдардын, коммерциялык уюмдардын кызматкерлерин ишке тартууга укук берилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу ссктор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |