Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-майы № 202-б
2012-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынынын Протоколунун 3.1-пунктун аткаруу үчүн:
1. Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик нефти компаниясынын катышуусунда Кыргыз Республикасында нефтини кайра иштетүү заводун куруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Биргелешкен жумушчу топтун тең төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
2. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн тең төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
3. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз бөлүгүнүн жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги аныкталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-майы № 202-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 229-б
буйругунун редакциясына ылайык)
2012-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосунда Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынынын Протоколунун 3.1-пунктун аткаруу үчүн:
1. Казакстан Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик нефти компаниясынын катышуусунда Кыргыз Республикасында нефтини кайра иштетүү заводун куруу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн Биргелешкен үч тараптуу жумушчу топтун кыргыз-казак бөлүгү төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз тараптан:
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри, Биргелешкен жумушчу топтун тең төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Казакстан тараптан (макулдашуу боюнча):
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефти жана газ департаментинин директору;
- "КазМунайГаз" улуттук компаниясы" акционердик коомунун нефтини кайра иштетүү боюнча башкы эксперти.
2. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз-казакстан бөлүгүнүн тең төрагасына белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
3. Биргелешкен жумушчу топтун кыргыз-казакстан бөлүгүнүн жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги аныкталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |