Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 7-июну № 252-б

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 479-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун персоналдаштырууда "Пак энд ОПиСи" ("Раrк & ОРС" Корея Республикасы) компаниясынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин эске алып, Мамлекеттик персоналдаштыруу борборун түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун Мамлекеттик персоналдаштыруу борборун түзүү үчүн кайтарымсыз-гранттык негизде технологиялык жабдууларды жеткирүү жана программалык камсыздоо келишимдеринин расмий тилдеги тиркелген долбоору (мындан ары - Долбоор) жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директоруна жогоруда аталган Келишимге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын түзүмдүк бөлүмүн - Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторун персоналдаштыруунун мамлекеттик борборун (мындан ары - Борбор) түзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Пак энд ОПиСи" ("Раrk & ОРС", Корея Республикасы) компаниясына аталган Келишимдин алкагында адистерди окутуу, системалык программалык камсыздоону инсталляциялоо, эксплуатациялоого киргизээр алдындагы даярдоо, жабдууларды монтаждоо үчүн финансы каражаттарын иш жүзүндөгү чыгымдар боюнча төлөөнү камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-октябрындагы № 479-б буйругунун редакциясына ылайык)

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов