Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы N 559-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

2013-жылдын 25-июну № 262-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңги зат каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз өндүрүүнүн, жүгүртүүнүн алдын алуу жана каршы күрөшүү тармагында кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Меморандумга принциптүү эмес мүнүздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 22-декабрындагы N 559-б буйругунун редакциясына ылайык)

 

            Премьер-министр

Ж.Ж.Сатыбалдиев