КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-марты № 77-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 261-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2005-жылдын 13-октябрындагы токтому менен күчүндө калтырылган 2005-жылдын 10-июнундагы экономикалык иштер боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин аткаруу маселеси боюнча дүйнөлүк макулдашуунун шарттарын аныктоо жана андан ары "Шервуд жана Маккензи" жоопкерчилиги чектелген шериктиктин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Кайкиев Э.А. | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Календеров У.И. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин укуктук колдоо башкармалыгынын начальниги; |
Дубанаев К.С. | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Жуманова М.М. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин укуктук колдоо жана экспертизалар башкармалыгынын начальниги; |
Кожошева Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзамга негизделген актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары; |
Шарабидинов Н.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын кызматкери. |
1-1. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2013-жылдын 10-июлуна чейин "Шервуд жана Маккензи" жоопкерчилиги чектелген шериктиктин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн, жыйынтыктары боюнча жарашуу макулдашуунун шарттарын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө андан ары макулдашылган сунуш киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине рекомендация киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги жумушчу топтун иштерин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ зарыл учурда мамлекеттик органдардын адистерин жана көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери жумушчу топтун суроо-талабы боюнча зарыл маалыматтарды беришсин жана анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүшсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |