Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29 октябрындагы № 477-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 30-сентябры № 402-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 3316-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетине тапшырма жөнүндө" 2013-жылдын 28-февралындагы № 2830-V токтомун аткаруу боюнча" токтомунда баяндалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунуштарын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругу менен түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын ишин жандандыруу максатында:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 258-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- ведомстволор аралык комиссиянын курамы тиркемеге ылайык редакцияда берилсин;

- 2-пунктундагы "эки айлык мөөнөттө" деген сөздөр "2013-жылдын аягына чейин" деген сөздөр жана цифралар менен алмаштырылсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-сентябрындагы № 402-б буйругуна тиркеме

Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ

 

Талиева К.А.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;

Үсеналиева Н.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.

Комиссиянын мүчөлөрү:

Кендирбаева Д.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кожошев А.О.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Эшенкулова Н.А.

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;

Чаргынов К.С.

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Муратов А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;

Бусурманкулов Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жуков М.А.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Теңизбаева Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;

Тезекбаев М.Т.

-

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу (макулдашуу боюнча);

Тагаева Г.А.

-

Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча).