Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 12-октябры № 417-б

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын 2013-жылдын 22-23-октябрында Варшава шаарында (Польша Республикасы) өтүүчү кезектеги үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-поляк өкмөттөр аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-октябрындагы № 417-б буйругуна тиркеме

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-поляк комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

 

Сариев Темир Аргембаевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Иманалиева Лидия Адамкалыевна

-

Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы, Венгрия Республикасындагы, Словак Республикасындагы, Польша Республикасындагы жана Чех Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси;

Исаков Эсенгул Байдалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Төрөмаматов Жусубали Кыргызбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сүйүмбаева Паиза Үсөнбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы;

Байгончоков Мирлан Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

Керималиев Жаныбек Калканович

-

Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Чаргынов Касым Самсонович

-

Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;

Назарбеков Марат Рысбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;

Чынгожоев Абдымитал Тургуналиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Султанов Шеркул Жорупбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы;

Сатымбаев Абдибек Сатымбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары;

Кадыркулов Мукай Асанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;

Айдралиева Расым Шаршекеевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Пирназаров Марат Түгөлбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;

Ибраев Нурдин Турсуналыевич

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

Осмоналиев Самир Кушайынович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы;

Исраилов Азысбек Асымканович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;

Жамшитова Айпери Жаңыбаевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

Жумабеков Жоомарт Кожомуратович

-

"Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондунун директору, айыл чарба боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);

Есенбаева Замира Койчукеевна

-

"Айылдык кеңеш кызматы" коомдук фондунун башкармалыгынын мүчөсү, социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча эксперт (макулдашуу боюнча);

Качкынбай кызы Жылдыз

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын интеграциялык бирикмелер секторунун жетектөөчү адиси, Комиссиянын жооптуу катчысы.