Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 2013-жылдын 17-майы N 187-б

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 489-б, 2017-жылдын 21-июнундагы № 252-б, 2018-жылдын 5-июлундагы № 239-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Автомобиль транспортунун эл аралык союзунун (АТЭС) Кыргыз Республикасынын транзитин, соодасын жана транспорттук байланыштарын андан ары өнүктүрүү маселелери боюнча демилгесин карап чыгуу максатында:

1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:

Ногойбаев Ж.А.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Акматов А.Т.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын начальниги;

Кочконов К.М.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Интеграциялык бирикмелер департаментинин директорунун кеңешчиси;

Саркулов Ы.К.

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

Кожокулов Р.Н.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору;

Маткеримов Т.Ы.

-

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин транспорт жана машина куруу факультетинин деканы (макулдашуу боюнча);

Боотаев Т.Е.

-

Кыргыз Республикасынын Эл аралык автомобилдик ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).

Жумаков Ж.А.

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ЕАЭБ менен иштөө жана ДСУ маселелери боюнча башкармалыгынын соода бөлүмүнүн башкы адиси;

Бейшеев К.Д.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы адиси - юрист;

Налобина Е.В.

-

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги;

Чельцов Д.Ю.

-

Евразия регионундагы Автомобиль транспорту эл аралык союзунун туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы (макулдашуу боюнча).

Ташиев А.А.

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн адиси.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 489-б, 2017-жылдын 21-июнундагы № 252-б, 2018-жылдын 5-июлундагы № 239-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Жумушчу топтун ишин жалпы уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Эл аралык ташуучулар ассоциациясына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.

3. Жумушчу топ Автомобиль унаасынын эл аралык союзунун демилгелерин ишке ашыруу боюнча ишти аяктаганга чейин улантсын.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 269-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

Ж.Сатыбалдиев