Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2014-жылдын 18-сентябры № 400-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 28-майы № 212-б

Кадрдык өзгөртүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 288-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн "CASA-1000" долбоорунун даярдоо иш-чараларын координациялоо боюнча жумушчу тобунун курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Эшимбеков Ч.К.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары;

Алкожоева Б.У.

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам алдындагы актылардын долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Назаров Ж.М.

-

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

- жумушчу топтун курамынан К.Ж.Бактыгулова, И.Б.Какеев, Р.У.Рахманкулов чыгарылсын;

- 5-пункттагы "реалдуу сектор жана инфраструктура" сөздөр "өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев