Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 23-августу № 407

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө» токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) 2011-жылдын 1-5-сентябрында болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу тобунун жолугушуусуна катышуу үчүн жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

А. Атамбаев

 

Тиркеме

 

Алматы шаарында 2011-жылдын 1-5-сентябрында болуучу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын

ортосундагы Мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын жумушчу

тобунун жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын

курамы

 

Искандаров К.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;

 

Цурков В.Е.

 

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;

 

Момбеков А.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;

 

Миңбаев А.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;

 

Мандычев Н.И.

 

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедиция начальниги;

 

Санников В.П.

 

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;

 

Чернявский В.А.

 

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын экспедициясынын башкы инженери.