Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 29-ноябры № 527
Полковник Т.У.Акматовдун арызында баяндалган фактыларды иликтөө максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Ташкулов Т.Д. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнүн инспектору, Комиссиянын төрагасы; |
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Табалдиева В.Ш. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жеке курам менен иштөө боюнча башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Норузбаев К.М. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин башкы иликтөө башкармалыгынын начальниги;
|
Рахманов А.А. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиганин ички коопсуздук кызматынын начальниги;
|
Ниязбеков У.О. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин финансы-чарбалык башкармалыгынын начальниги;
|
Лейтин А.В. | - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы;
|
Касымов А.А. | - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагери (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия бир жумалык мөөнөттө милициянын полковниги Т.У.Акматовдун арызында баяндалган фактылар боюнча кылдат териштирүүнү жүргүзсүн.
3. Комиссия белгиленген тартипте аткаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга укуктуу экендиги аныкталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |