КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 367
"Электрондук өкмөт" системасынын компоненттерин ишке киргизүү, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү жолу менен мамлекеттик тейлөө системасын реформалоо боюнча шарттарды түзүү максатында:
1. Төмөнкү курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Маматалиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Нурлан Баяман | - | Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; |
Давлетов Э.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана маалыматтык-коммуникациялык технологияны киргизүү секторунун башчысы, жетекчинин орун басары - жумушчу топтун жооптуу катчысы; |
Исмаилов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Абдуллаев Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-система" мамлекеттик мекемесинин техникалык өнүктүрүү жана колдоо бөлүмүнүн начальниги; |
Ташкулов Т. | - | "DBS" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Ниязов Э.Т. | - | "Оrасlе" корпорациясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Баканов А. | - | Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Садыков И.А. | - | "Электрондук башкаруу борбору - КG" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
Аттокуров А. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө "Электрондук өкмөт" системасын өнүктүрүү жана модернизациялоо концепциясынын долбоорун, ошондой эле "электрондук өкмөт" системасынын приоритеттүү компоненттеринин тизмесин аларды пайдаланууга киргизүү үчүн иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруу жана методологиялык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
4. Жумушчу топко мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды алуу, ошондой эле жумушчу топтун ишинин алкагында адистерди тартуу укугу берилсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |