Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 3-апрели № 368
Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы турак үйлөрдү суу каптоонун кесепеттерин жоюу жана сугат каналдарынын абалын иликтөө боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Касымалиев М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Алманбетов А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору; |
Аттокуров М.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; |
Идирисов Т.К. | - | Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Мусабеков А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Таштаналиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору. |
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- жерине баруу менен келтирилген материалдык зыянды аныктоо, каналдын жана турак үйлөрдүн абалын иликтөө боюнча иштерди жүргүзсүн;
- 5 күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуштарды киргизсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |