Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-апрели № 383
Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык жолдорунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалын изилдөө максатында:
1. Курулган, реабилитацияланган, реконструкцияланган жана ремонттолгон Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык жолдорунун, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалын изилдөө жана текшерүү боюнча комиссия (мындан ары - комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Артыкбаев М.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, комиссиянын төрагасы; |
Уезбаев У.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн транспорт жана инфраструктура секторунун эксперти, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Куттубаев Э.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору (макулдашуу боюнча); |
Турдумамбетов О.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин директору; |
Татиков Р.С. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекс жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Кыдыков Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын жол көзөмөлү бөлүмүнүн улук инспектору: |
Турсуниязов А.К. | - | "Айдоочу" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Садакбаев Т. | - | Кыргызстандын инженерлер ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча). |
Эскертүү: муниципалдык жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун абалына изилдөө жана текшерүү жүргүзүлүүчү аймактарда Бишкек, Ош шаарларынын вице-мэрлери жана тиешелүү облустардын губернаторлорунун орун басарлары (жол тармагын тейлеген) комиссиянын мүчөлөрү болуп саналат.
2. Комиссия эки айлык мөөнөттө (андан кийин квартал сайын) жерине баруу менен Бишкек жана Ош шаарларынын муниципалдык жолдорун, ошондой эле жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун текшерүүнү, курулган, реабилитацияланган, реконструкцияланган жана ремонттолгон участокторун баалоону жүргүзсүн, отчет даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
3. Комиссияга мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды, документтерди сурап алууга, ошондой эле комиссиянын ишинин алкагында адистерди тартууга укук берилсин.
4. Командировкага байланыштуу чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |