Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2014-жылдын 20-январындагы № 22 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 23-сентябры № 456

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралында № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобонун 16-пунктуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:

Мусабеков А.О.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

Белекова Б.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Абдулдаев М.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өнөр-жай коопсуздугу жана тоо көзөмөлү башкармалыгынын начальниги;

Жанбоев Б.К.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары, Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондору боюнча регионалдык башкармалыктын начальнигинин орун басары;

Кириленко А.В.

-

"БИОМ" Экологиялык кыймылы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча).

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев