Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

               КР Премьер-министринин 2016-жылдын 14-декабрындагы № 670 буйругуна ылайык кγчγн жоготту

                      

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУГУ

2013-жылдын 1-октябры № 468

(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 492, 2014-жылдын 25-июлундагы № 328, 2016-жылдын14 декабрындагы № 670 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңеш жөнүндө жобонун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин (мындан ары - Кеңеш) курамына төмөнкүлөр кирээри бекитилсин:

- кызмат орду боюнча:

Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

(төртүнчү абзац КР Премьер-министринин 2014-жылдын 25-июлундагы № 328 буйругуна ылайык күчүн жоготту)

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары (Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүнү киргизүү маселелери боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Электрондук башкаруу мамлекеттик борборунун жетекчиси, Кеңештин жооптуу катчысы;

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы;

"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулардын Кыргыз ассоциациясынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Байланыш операторлору ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

"Интернет саясатындагы жарандык демилге" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);

- жекече:

Нурматов Б.Н. - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Электроника жана телекоммуникациялар институтунун директору;

Искаков С.Т. - Байланыштын ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Сүйүмбаева Ч.Д. - ПРООНдун "Демократиялык башкаруу" программасынын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча координатору (макулдашуу боюнча).

(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 23-октябрындагы № 492 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 14-ноябрындагы № 843 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев