Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 13-марты № 110

1. "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун ишин талдоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ:

- жерине барып "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун жетекчилиги жана кызматкерлери менен ишкананын ишине байланышкан көйгөйлүү маселелерди талкууласын;

- 2014-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомун башкарууну уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 13-мартындагы № 110 буйругуна тиркеме

"Кыргызнефтегаз" ААКнын ишин талдоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

 

Турусбеков Бактыбек Сагындыкович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;

Давлеталиева Надежда Степановна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;

Естебесов Адыл Жээнбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;

Касмалиев Усеин Турсунбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин мамлекеттик менчик саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы;

Садабаев Тулеген Дюшеевич

-

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин отун, газ жана жылуулук менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;

Нурланов Кубан Нурланович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин БККК, СЭМБ менен иштөө жана юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын башкы адиси;

Халмурзаев Асылбек Урбаевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун эл-аралык кызматташтык, экономика жана божомолдоо башкармалыгынын финансы-экономикалык талдоо, контроль жана божомолдоо бөлүмүнүн башчысы;

Султанов Арстаналы Камбаралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк региондор аралык башкармалыгынын начальнигинин орун басары.