Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-январы № 3

1. Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын укуктук абалына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ (мындан ары -жумушчу топ), ушул буйруктун тиркемесине ылайык курамда түзүлсүн.

2. Жумушчу топ:

- Россия Федерациясындагы түзүлгөн кырдаалды чечүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын болуу шарттарын жеңилдетүү маселелери боюнча 2014-жылдын 15-17-январында Москва шаарына барып, Россия Федерациясынын компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;

- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча 2014-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын 17-жыйынында кароо үчүн тийиштүү сунуштарды даярдасын.

3. Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн командировкалык чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 3 буйругуна тиркеме

Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын эмгек-мигранттарынын укуктук абалына байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүн сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ

 

Оторбаев Эринес Мотойович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси;

Бекмурзаев Доскул Жумагулович

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Арстанкулов Талант Курманалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин сапат жана дары-дармек саясаты бөлүмүнүн башчысы;

Асанов Ибрагим Куватович

-

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигиндеги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү;

Бакенов Улукбек Медетбекович

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын башкы адиси;

Исмаилова Гүлсара Акимовна

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын чек аралык контролдоо башкармалыгынын бөлүм начальниги;

Касымов Чыңгыз Сакымаматович

-

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин миграциялык саясат башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Кенжебаева Райхан Солтонаевна

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын эмгек мигранттарын социалдык камсыздандыруу боюнча секторунун башчысы;

Мамбетов Асылбек Жапарович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын бөлүм начальниги;

Мукамбетов Жеңишбек Уркалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тышкы байланыштар, калк жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;

Оролбаева Ирина Абдыевна

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;

Ташкулов Тимур Дооранбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору;

Шамшиев Уран Абдразакович

-

КМШга катышкан мамлекеттердин аймагында уюшкан кылмыштуулукка жана башка кооптуу кылмыштардын түрлөрүнө каршы күрөштү координациялоо боюнча бюродогу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин туруктуу өкүлү;

Юлдашева Парида Хайталиевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти.