Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 509 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 12-октябры № 786

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык:

1. Кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө төмөнкүлөр бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын атынан Шанхай кызматташтык уюмунун улуттук координатору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөрү департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин батыш өлкөлөрү департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык экономикалык кызматташтык департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы тышкы миграция департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 433 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев