Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2012-жылдын 20-апрели ПБ № 68
1. Раев Султан Акимович Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин гуманитардык кызматташтык боюнча Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын өкүлү кызматынан бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бошотуу тууралу белгиленген тартипте билдирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 30-майындагы № 70 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А.Атамбаев |