Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 3-апрели № 124
Кыргыз Республикасынын Суу боюнча улуттук кеңешинин жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Жаныбеков А.С. | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, жумушчу топтун жетекчиси; |
Исраилов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Таштаналиев К.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директору; |
Кошматов Б.Т. | - | "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору (макулдашуу боюнча); |
Кожоев Э.М. | - | "Экинчи ички чарбалык сугат долбоору" долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн Суу пайдалануучулар ассоциациясынын институттук өнүктүрүү боюнча координатор (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ 2012-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Суу боюнча улуттук кенешинин жыйынын өткөрүү үчүн материалдарды даярдоону аяктасын.
3. Жумушчу топ зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Суу боюнча улуттук кеңешинин жыйынына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча материалдарды даярдоо жана маселелерди макулдашуу үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын, мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т.Беков |