Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2014-жылдын 26-майы № 181-б
Талас облусунун Бакай-Ата районунда жайгашкан Шыраалжын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө экологиялык жана техникалык коркунучтарды аныктоо жана баалоо максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2014-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:
- Шыраалжын аянтында "Ти Жен Хун" жоопкерчилиги чектелген коому менен "Алтын Күмүштак Майнинг" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишине байланышкан абалга төмөнкүдөй иликтөө жүргүзсүн:
- радиациялык фондо кыртыштын, суунун, абанын сынамыгын талдоого;
- геологиялык чалгындоо иштеринин таасирине, жергиликтүү калктын ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, үй жаныбарларына баа берүүгө;
- жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Шыраалжын аянтына геологиялык чалгындоо иштерин андан ары жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө корутунду берсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды, жергиликтүү калктын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-майындагы № 181-б буйругуна тиркеме |