Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 11-июну № 296-б
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 340-б буйругунун редакциясына ылайык)
Асыл тукум мал чарбачылыгы жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны, илимдин жетишкендиктерин жана практикалык билимдерди республиканын мал чарба кызматкерлеринин арасында жайылтуу, ошондой эле мал чарбачылык жүргүзүүнүн натыйжалуу технологияларын ишке киргизүү жана малдын күрдүү тукумдарын кеңири жайылтуу максатында:
1. 2009-жылдын 2-3-июлунда Чүй облусунун "Суусамыр" жайлоосунда Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун республиканын бардык региондорунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүү максатка ылайыктуу деп табылсын.
2. Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Уюштуруу комитети Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетун өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын жана иштеп чыксын жана бекитсин, чыгымдардын сметасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-июнундагы № 340-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Мал чарба кызматкерлеринин 4-республикалык слетуна даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-июнундагы № 296-б буйругуна тиркеме |