Редакцияот 13.06.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 13-июну № 226-б

"Элдик Кайрат" коомдук бирикмесине мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана анын иши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы белгиленген тартипте Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "Б" дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик администрациялык имараттагы аянты 28,7 кв.м болгон № 716-3 кабинетти "Элдик Кайрат" коомдук бирикмесине 2011-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана эксплуатациялык сарптоолорду төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында бекитип берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев