Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 2-июлу № 260-б
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Фишер Ян Ефимовичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкү курамдагы комиссия түзүлсүн:
Атаханов Шамиль Есенжанович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич - Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору - Кыргыз Республикасынын министри, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Борбиев Болотбек Ибраимович- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Шакиев Нурланбек Тургунбекович- Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри;
Кудайбердиев Абибилла Алымович- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Рысалиев Зарылбек Кылычбекович- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Нарбаев Каныбек Жайчиевич- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
Коеналиев Туруспек Кармышевич- Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (макулдашуу боюнча);
Өмүркулов Иса Шейшенкулович - Бишкек шаарынын мэри;
Нифадьев Владимир Иванович - Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору (макулдашуу боюнча);
Шерещков Олег Юрьевич - Я.Е.Фишердин үй-бүлөсүнүн эң жакыны (макулдашуу боюнча).
2. Я.Е.Фишердин үй-бүлөсү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
3. Комиссияга Я.Е.Фишердин сөөгүн коюуну уюштурууга байланышкан бардык уюштуруучулук жана финансылык маселелерди чечүү тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |