Редакцияот 11.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2009-жылдын 11-февралы № 58

Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук онкология борборунун ишаракеттерине карата кайрадан келген жазуу жүзүндөгү кайрылууларга байланыштуу:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 18-декабрындагы № 457 буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

комиссиянын курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:

Абдиев М.Ж. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун башкы врачынын милдетин аткаруучу;

Головко Г.М. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук хирургия борборунун кадрдык иштер боюнча директорунун орун басары;

Калиев М.Т. - И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын чет өлкөлүк жарандарды окутуу боюнча факультетинин деканы;

Нуралиев М.А. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын башкы врачынын консультациялык-диагностикалык иштер боюнча орун басары;

Сагинбаева Д.З. - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу башкармалыгынын начальниги;

- 2-пункттагы "бир айлык мөөнөттө". деген сөздөр "2009-жылдын 20-мартына чейинки мөөнөттө" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын.

 

Премьер-министри

И.Чудинов