Редакцияот 11.02.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2009-жылдын 11-февралы № 59

Ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн жана Баңгизаттарды контролдоо боюнча органдын кызматкеринин күнүнө карата:

1. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги, оперативдик кызмат башкармасынын 2-бөлүмүнүн начальниги Абдымомунова Динара Сталбековна баалуу белек (аты жазылган саат) менен сыйлансын.

2. Төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги, оперативдик кызмат башкармасынын начальнигинин орун басары Аширалиев Аскарбек Абдирахмановичке;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин баңгизаттарды контролдоо кызматынын подполковниги, тергөө башкармасынын контроль-методика тобунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Бакыртегин Рысбекке;

- Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин баңгизаттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты, атайын арналыштагы отряддын улук офицери Богачиев Нурдин Доктурбековичке.

 

Премьер-министри

И.Чудинов