Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-марты ПБ № 42
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтык орнотуу Фондусунун (мындан ары - БУУнун тынчтык орнотуу Фонду) ишин камсыз кылуу жана негизги милдети экстремизмге потенциалдуу алып келүүчү радикалдашууну алдын алуу болуп саналган 2018-2020-жылдарга тынчтык орнотуунун артыкчылыктар планын (мындан ары - Артыкчылыктар планы) ишке ашыруу үчүн зарыл жол-жоболорду аткаруу максатында:
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
1. БУУнун тынчтык орнотуу Фондусунун программалары боюнча биргелешкен Жетектөөчү комитет (мындан ары - Жетектөөчү комитет) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Жетектөөчү комитет Артыкчылыктар планына ылайык Тынчтык орнотуу чөйрөсүндө долбоорлорду тандоонун жана мониторинг жүргүзүүнүн транспаренттүү процессин камсыз кылсын.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
3. Жетектөөчү комитетке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин, ошондой эле көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте тартуу укугу берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПБ № 87 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ