Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2017-жылдын 13-июнундагы № 404 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 30-июну № 290

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын .Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө жобого ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин кадрлар бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укуктук департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чектеш өлкөлөр департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Африка департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландаштыруу жана координациялоо департаментинин директору;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директору; •

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кеңешчиси -министрдин катчылыгынын жетекчиси;

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-ноябрындагы № 509 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

Дж. К. Оторбаев