Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т

тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 7-июлу № 253-б

Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2014-жылдын 9-11-июлунда болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун (мындан ары - Координациялык топ) жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:

1. Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө» токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2014-жылдын 7-июлундагы № 253-б

буйругуна тиркеме

 

Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарында 2014-жылдын 9-11-июлунда болуучу Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын алдындагы «Кыргызстан-СУАР КЭР» координациялык тобунун жетинчи жыйынынын ишине катышуу үчүн Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн

Курамы

 

Сариев Темир Аргембаевич

- Кыргыз Республикасынын экономика министри, Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

 

Чодуев Эркинбек Урайымович

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

 

Чакиев Максат Жолдошбекович

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

 

Исаков Женишбек Исакович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

 

Юсупов Байыш Юсупович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары;

 

Бейшембиев Эрик Айдарканович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чектеш өлкөлөр департаментинин директору;

 

Жумалиев Зайнидин Калидинович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Түндүк региондор аралык башкармалыгынын начальниги;

 

Акматов Адылбек Тентимишович

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин автомобиль жана темир жол башкармалыгынын начальниги;

 

Утебаев Медер Шамшибекович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти;

 

Качкынбай кызы Жылдыз

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын интеграциялык бирикмелер секторунун жетектөөчү адиси - Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн катчысы.