Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 17-июлу № 316

Рогун ГЭСинин долбооруна карата Дүйнөлүк банктын баалоочу изилдөөлөрүнүн маселелери боюнча Казакстан Республикасынын Алматы шаарында 2014-жылдын 18-июлунда боло турган консультациялык жолугушуулардын жыйынтыктоочу сериясына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы 2014-жылдын 17-18-июлунда Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жиберилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 17-июлундагы № 316 буйругуна тиркеме

Рогун ГЭСинин долбооруна карата Дүйнөлүк банктын баалоочу изилдөөлөрүнүн маселелери боюнча консультациялык жолугушуулардын жыйынтыктоочу сериясына катышуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ

 

Диль Валерий Исидорович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегациянын жетекчиси;

Калиев Айбек Рыспекович

-

Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;

Жусуматов Эсен Жусуматович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин башкы директорунун орун басары;

Жумабеков Кеңешбек Кадыралиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экологиялык экспертизалар жана жаратылышты пайдалануу башкармалыгынын начальниги;

Анарбаев Анвар Арсланович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин талдоо, пландаштыруу жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин биринчи катчысы;

Томпошев Бакыт Таштанбекович

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин жардамчысы.