Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 166 буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 16-сентябры № 425

(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна ылайык:

(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 буйругунун редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө төмөнкү адамдар бекитилсин:

 

Абдыкалыков Акынбек Абдыкалыкович

-

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ректору, Ректорлор кеңешинин төрагасы;

Келебаев Касымбек Кеңешович

-

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Майлуу-Суу электротехникалык колледжинин директору;

Лисниченко Валентина Михайловна

-

Бишкек Шаарынын № 9 мектеп-гимназиясынын директору, Бишкек шаардык кенешинин депутаты, Бишкек шаарынын орто мектептеринин Директорлор кеңешинин мүчөсү;

Мамытов Абакир Мамытович

-

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти;

Мавлянов Абдырахман Субанкулович

-

Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору;

Керезбеков Канат Керезбекович

-

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору;

Нифадьев Владимир

-

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Иванович (Славян) университетинин ректору;

Муратов Абдиманнап Аттокурович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Токтогулов Асылбек Токтогулович

-

Кыргыз Республикасынын Профсоюздар федерациясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз комитетинин төрагасы.

 

(КР Премьер-министринин 2012-жылдын 29-июнундагы № 519 буйругунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-июнундагы № 53-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министр

А. Атамбаев