Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-августу № 379

(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222, 2017-жылдын 22-майындагы № 331, 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 710, 2019-жылдын 29-августундагы № 475 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 271 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын мүчөлөрү болуп төмөндөгүлөр бекитилсин:

Султанбеков Даниель Аалыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Нааматова Рина Абдиламитовна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин бөлүм башчысы;

Шустикова Лариса Юрьевна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин товар базарын талдоо жана отчет берүү бөлүмүнүн башчысы.

Кожошева Жекшенкүл

 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ишкердик саясат башкармалыгынын атаандаштыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

Кадырбекова Нуржан Майназаровна

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин укуктук колдоо жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы.

(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 222, 2017-жылдын 22-майындагы № 331, 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 710, 2019-жылдын 29-августундагы № 475 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 9 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 17-февралындагы № 120 буйругу.

 

Премьер-министр

Ж.Ж.Сатыбалдиев