РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-октябрындагы № 453-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө) буйругу.

Редакцияот 13.10.2014
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 13-октябры № 453-б

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Дикамбаев Казы Дикамбаевичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган мааракелик иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылында К. Дикамбаев атындагы музейди жасалгалоо жана экспонаттарды орнотуу менен байланышкан чыгымдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 232 000 (эки жүз отуз эки миң)сом бөлүнсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев