КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 497-б(«Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу»долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жөнүндө) буйругу
Бул документ орус тилинде да барРусский
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-ноябры № 497-б
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Жайыттарды жана мал чарбачылыкты башкарууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |