РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 616-б (Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

Редакцияот 26.12.2014
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014–жылдын 26-декабры 616-б

Төмөнкүлөргө материалдык жардам көрсөтүү чун Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 450000 (төрт жүз элүү миң) сом бөлүнсүн, алардын ичинен:

- 1 топтогу майып, жалгыз бой эне Кожобергенова Айзада Жумадиновнага – 50000 (элүү миң) сом, материалдык жардам көрсөтүү катарында;

- Оштогу балдарды жана үй-бүлөлөрдү реабилитациялоонун адистештирилген борборуна – 200000 (эки жүз миң) сом, жашылча сактаган жайды оңдоо үчүн;

- «Ирада» үй-бүлөлүк балдар үйүнө – 200000 (эки жүз миң) сом, имараттын айрым жерлерин оңдоо жана балдар аянтчасын куруу үчүн.  

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев