Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
2015-жылдын 20-январы № 10-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-майындагы № 228-б, 2015-жылдын 5-октябрындагы № 488-б, 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 136-б, 2016-жылдын 24-июнундагы № 295-б, 2017-жылдын 24-августундагы № 374-б, 2018-жылдын 18-январындагы № 13-б, 2018-жылдын 16-июлундагы № 250-б, 2018-жылдын 7-декабрындагы № 431-б, 2019-жылдын 17-апрелиндеги № 105-б, 2019-жылдын 1-августундагы № 288-б, 2020-жылдын 20-мартындагы № 91-б, 2020-жылдын 24-апрелиндеги № 142-б 2020-жылдын 21-августундагы № 290-р 2020-жылдын 6-ноябрындагы № 362-р, 2020-жылдын 28-январындагы № 15-б КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 208-т, 2022-жылдын 18-июлундагы № 394-т, 2023-жылдын 10-февралындагы № 48-т, 2023-жылдын 22-июнундагы № 362-т, 2024-жылдын 23-майындагы № 262-т, 2024-жылдын 8-июлундагы № 411-т , 2025-жылдын 17-мартындагы № 176-т буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдү жана субъекттерди этил спирти менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-мартындагы № 124 "Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, Ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Медициналык, ветеринардык, техникалык максаттарда, ошондой эле парфюмердик-косметикалык жана алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылуучу этил спиртин сатып алуу тартиби жөнүндө жобонун 13-пунктуна ылайык:
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы № 411-т тескемесинин редакциясына ылайык)
1. Тиркемеге ылайык Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмеги бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 35-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 384-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 469-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-декабрындагы № 597-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 137-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-апрелиндеги № 129-б буйругу.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |
Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин ТИЗМЕГИ