КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-февралы № 23-б
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-мартындагы № 61-б буйругунун редакциясына ылайык)
2011-жылдын 21-майында кол коюлган Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоого (ЧСД-2) карата Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн макулдашылган протоколунун чегинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерии аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык республиканын суу секторун мындан аркы финансылык колдоо максатында:
1. Төмөнкүлөр:
- Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА): 2000-жылдын 29-июнундагы Өнүктүрүү максатындагы насыя жөнүндө макулдашуунун (№ 3369-KG кредит) негизинде ишке ашырылган "Чарба ичиндеги сугат", 2006-жылдын 21-июнундагы Өнүктүрүү максатындагы грант жөнүндө макулдашуунун (№ H-212KG грант) негизинде ишке ашырылган "Суу ресурстарын башкарууну жакшыртуу", 2007-жылдын 29-августундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун негизинде ишке ашырылган "Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору" (№ H312-KG грант); 2011-жылдын 25-июлундагы Каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун (№ H718-KG грант жана № 4982-KG кредит) негизинде ишке ашырылып жаткан "Чарба ичиндеги сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо" 2016-жылдын 18-мартындагы Гранттык макулдашуунун (Грант №TF0A0645-KG) негизинде ишке ашырылуучу "Айыл чарбасынын ендурумдуулугун жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоорлорунун алкагында кредиттик келишимдер боюнча береселерди жоюунун эсебинен суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана алардын союздарынын кайтарып берген каражаттары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине которулууга;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында топтолгон каражаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мындан ары суу секторунда пайдаланылууга тийиш экендиги белгиленсин
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында Кыргыз Республикасынын Финансы-министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебин ачсын.
Премьер-министр |
|