Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2008-жылдын 15-сентябры № 353

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниесине катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү тиркемеге ылайык курамда 2008-жылдын 22-28-сентябрында Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) жиберилсин.

2. Командировкалык чыгымдар командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен белгиленген тартипте төлөнсүн.

 

Премьер-министр

И.Чудинов

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 15-сентябрындагы № 353 буйругуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын 2008-жылдын 22-28-сентябрында Алматы шаарында болуучу заседаниесине катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ

 

Аламанов С.К. -

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, Биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси;

 

Асаналиев Э.А.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси;

 

Умурзаков М.С.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти;

 

Ботобаев К.К.

- "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун бөлүм башчысы;

 

Матыев А.М.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун экинчи секретары;

 

Жолчиев М.С.

- Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын улук офицери;

 

Осипов С.А.

- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык күзөт башкармалыгынын башкы инспектору;

 

Катанаев А.Г.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары;

 

Сүйөркулов З.К.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын башкы инженери;

 

Дисковский В.Л.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия-лык кызматынын бөлүм начальниги;

 

Андреев О.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын экспедициясынын башкы инженери;

 

Чернявский В.А.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын экспедиция партиясынын начальниги.