Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы № 73-б буйругуна ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-августу, № 374-б, 2015-жылдын 27-октябрындагы № 529-б,
2016-жылдын 16-январындагы № 13-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2015-жылдын 13-февралы № 37-б
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылга мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - 2015-жылга план) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2015-жылга пландын жооптуу аткаруучу министрликтери жана административдик ведомстволору Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн ушул буйругу күчүнө кирген күндөн тартып:
- экспертизанын адистештирилген түрлөрүн, коомдук талкууну, жөнгө салуучу таасирди талдоону милдеттүү еткөрүү тууралуу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн регламентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентинин талаптарын эсепке алуу менен белгиленген мөөнөттөрдө 2015-жылга планда каралган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну камсыздашсын;
- бир жумалык мөөнеттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитишсин;
- мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күнден тартып бир жумадан кечиктирбей аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине беришсин;
- квартал сайын отчёттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 2015-жылга пландын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- 2015-жылга пландын аткарылышын контролдосун;
- 2015-жылга план боюнча жооптуу аткаруучулар болуп саналган мамлекеттик органдардын екүлдөрү менен квартал сайын жолугушууларды өткөрсүн;
Республикасынын Өкмөтүнө 2015-жылга пландын аткарылышын жүрүшү жөнундө; отчёт берсин.
4. 2015-жылга планда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун өз убагында, сапаттуу иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүүгө жеке жоопкерчилик мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тармактарды тейлөөчү орун басарларына жүктөлсүн.
5. : Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
| Мыйзам долбоорунун аталышы | Жооптуу аткаруучулар | Өкмөттүн Аппаратына долбоорду киргизүү мөөнөтү | Өкмөттүн жактыруу жөнүндөгү токтомун кабылалуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү | Эскертүү |
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө
| |||||
1. | Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүу жөнүндө: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; - "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; | ЮМ
| II квартал
| II квартал
| Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна тутумдук коррупцияга каршы экспертизаны киргизүү максатында
|
2. | Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорт жөнүндө | Спорт агенттиги | II квартал | III квартал | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 6-январындагы № 3766-V "Кыргыз Республикасындагы паралимпиадалык спорттун абалы жана көйгөйлөрү жөнүндө" токтомун аткаруу максатында |
3. | "Китепкана иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ММТМ | II квартал | III квартал | Мыйзамдарды өркүндөтүү максатында |
4. | "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонууну өркүндөтүү жана Мыйзамды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында |
5. | "Жеке мүнөздогү маалымат жөнүнде" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына озгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | IV квартал | IV квартал | Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында |
6. | "Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлврдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | II квартал | III квартал | Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында |
7. | "Электрондук документ жана электрондук цифралык колтамга жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу | ЭМ | IV квартал | IV квартал | Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") ишке ашыруу максатында |
8. | "Аксакалдар соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын | Этностор агенттиги | II квартал | III квартал | Шаарлардын конуштарында (жаңы конуштарда) аксакалдар сотторун түзүү, |