РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-мартындагы № 86-б (Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактырылышы жөнүндө) буйругу

Редакцияот 10.03.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 10-марты № 86-б

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнүн потенциалын күчөтүү аркылуу жергиликтүү деңгээлде бюджеттик процесстин сапатын жогорулатуу максатында:

1.  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун (Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлиндеги мамлекеттик финансы чөйрөсүндө "теңме-тең" принциби боюнча окутуу практикасын кеңейтүү долбоору) долбоорунун расмий тилдеги (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору (№ TF016021 грант) жактырылсын.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев