РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 167-б (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө) буйругу

Редакцияот 21.04.2015
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 21-апрелии № 167-б

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын күчөтүү долбоорун ишке ашыруу максатында № TF017895 грантын берүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Гранттык макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укуту менен жогоруда аталган Гранттык макулдашуута кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Дж.К. Оторбаев