КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 187-б (Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө келишимге кошулууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ниеттенүүсү тууралуу каттын долбоорун жактыруу .жөнүндө буйругу)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-апрели №187-б
1. Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө келишимге кошулууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ниеттенүүсү тууралуу каттын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган катты Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө Келишимге катышуучу өлкөлөрдүн ассамблеясынын Президентине белгиленген тартипте жиберсин.
Премьер-министрдин милдетин-аткаруучу |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын "29 " апрелиндеги № 187-буйругу менен жактырылган |
| Катышуучу-өлкөлөрдүн ассамблеясынын Президенти Навал АльМахамель мырзага |
Урматтуу Навал Аль Махамель мырза!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Өнүгүүгө укук боюнча эл аралык уюмду (IDLO) түзүү жөнүндө келишимге (мындан ары - Келишим) кошулууну жана ушул Уюмдун катышуучусу болууну каалайт.
Келишимдин XIII беренесинде белгиленген талаптарды көңүлгө алуу менен, ага ылайык Келишимге учурдагы катышуучу өлкөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен Ассамблеянын жактыруусу талап кылынгандыктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган талаптарды сактоодо Сизден көмөк көрсөтүүнү суранат.
Премьер-министрдин милдетин-аткаруучу |
|