Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 29-июну № 295-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы  № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:

- 9-пунктундагы «, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык» деген сөздөр алып салынсын;

- төмөнкү мазмундагы 33 жана 34-пункттар менен толукталсын.

 

33.

Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индонсзия комиссиясы

- Кыргыз Республикасынын Финансы министри;

34.

Кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитети

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри. 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Т.Сариев