Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-августундагы № 377-б буйруктун редакциясына ылайык)
2015-жылдын 31-июлу, № 370-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Д.А.Ниязалиевага принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-августундагы № 377-б буйруктун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү,
эки мамлекеттин ар тараптуу кызматташтыкка даярдыгын билип,
эл аралык ченемдерге таянып, эки мамлекеттин улуттук мыйзамдарын көнүлгө алып,
билим берүү жаатындагы тең укуктуулукту жана кызматташууну өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө умтулуп,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
Тараптар билим берүү жаатындагы Тараптардын мамлекеттеринин тиешелүү уюмдары жана мекемелеринин ортосундагы кызматташууну тең укуктуулук жана өз ара сыйлоо принциптеринин негизинде, өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык колдойт жана өнүктүрөт.
Тараптардын мамлекеттеринин окуу-тарбиялоо мекемелеринин ортосунда түз өнөктөштүк байланыштарды түзүүгө, конференцияларды, предметтик олимпиадаларды, фестивалдарды, чыгармачылык сынактарды, спорттук жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт, аларды уюштуруу жана өткөрүү тартиби өзүнчө сүйлөшүлөт.
Тараптар билим берүү жаатындагы окуу, илимий, усулдук адабияттар жана монографиялык изилдөөлөр боюнча тажрыйба алмашууга Тараптардын мамлекеттеринде жүрүп жаткан билим берүү системасындагы реформаларды эске алуу менен ар тараптуу көмөктөшөт.
Тараптар билим берүү жаатындагы адистерди даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда кызматташууну төмөнкүдөй түрдө жүргүзүшөт:
- билим берүү жаатындагы өнүктүрүүнүн, пландоонун, менеджменттин жана уюштуруунун маанилүү багыттары боюнча тажрыйба алмашуу;
- илимий-техникалык чөйрөдө кызматташтыкты бекемдөө;
- эки өлкөнүн билим берүү-окуу жайларынын ортосунда кызматташтыкты алардын ортосундагы түз келишимдердин негизинде түзүү.
Тараптар так, колдонмо, гуманитардык жана социалдык илимдер боюнча жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрларды даярдоодо кызматташат.
Тараптар жогорку окуу жайлардын билим берүү процессинде мультимедия түзүлүштөрүн, телекоммуникациялык каражаттарды колдонуу менен аралыктан окутуу, анын ичинде окуу, усулдук адабияттарды берүү, Тараптардын мамлекеттеринин билим берүү мекемелерин аттестациялоо жана аккредитациялоо маселелерине тиешелүү документтерди жана маалымат алмашуу жаатында кызматташат.
Тараптар билим берүү жөнүндөгү документтерди, илимий даражаларды жана наамдарды өз ара таанууга байланыштуу маселелерди жөнгө салууда кызматташат.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө протокол менен таризделет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп калат.
Байланыштарды чыңдоо, тажрыйба алмашуу. мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн, ошондой эле ушул Макулдашууну аткарууга байланыштуу консультацияларды өткөрүү үчүн Тараптар делегацияларды өз ара жиберип турушат.
Ушул Макулдашууну колдонууда жана чечмелөөдө Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар келип чыкса, алар тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдердин келип чыгуучу алардын милдеттерине жана укуктарына тиешеси болбойт.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду ар бир Тараптын аткаргандыгы тууралуу дипломатиялык каналдар аркылуу акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган датадан баштап күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Тараптардын бири тиешелүү мөөнөт бүтөөрүнө алты ай калганга чейин дипломатиялык каналдар менен экинчи Тарапка анын колдонулушун токтотуу жөнүндөгү өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө билдирбесе, Макулдашуу ар бир жолу кийинки беш жылдык мезгилдерге өзүнөн-өзү узартылат.
__________________________________________шаарында 2015-жылдын «_________»________________________________________________эки туп нускада
кыргызча, түркмөнчө жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |